Өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам майыптыкка кабылгандар биринчи орунда болсо, шишик дарты менен жабыркагандар экинчиге чыгат. Ал эми автокырсыктардан мүчөсүнөн ажырап майыптык алууга мажбур болгондор да бул эки илдеттен кийинки эле орунду ээлеп келет. Мындай маалыматты Кымбат Абазбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаш балдар арасында тубаса майыптык менен төрөлгөндөр боюнча да көрсөткүч жогору.
"Кыргызстан майыптыгы бар жарандары аз өлкөлөрдүн катарында. Мындай көрүнүш Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринде да бар. Анткени бизде майыптыкты аныктоо категорияларга бөлүнөт, ал эми чет мамлекеттерде пайыз менен өлчөнөт. Мисалы, адамдын эки манжасы жок болсо, биздин өлкөдө ал майып катары эсептелбейт, башка мамлекеттерде канчалык бир деңгээлде пайыз көрсөтүлүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарына кирет. Жалпысынан өлкөдө майыптыкты аныктоочу 27 комиссия иш алып барат. Анын 19у бардык ооруларды караса, сегизи кургак учук, көздүн көрүүсү, психикалык ооруларды аныктайт. Майыптыка чыгуу үчүн алгач ооруканада дарыланып, коюлган диагнозу менен жергиликтүү үй-бүлөлүк врачтардан бизге багыттама алып келиши керек. Мындан сырткары, амбулатордук картасы жана паспорту зарыл. Бир жерде иштегендер бир оору менен төрт айдан кем эмес, эмгекке жарамсыздык картасын алып дарыланып жүргөн болушу абзел", — деди Абазбекова.
Адис Кыргызстанда 18 жашка чейин майыптык берилбей тургандыгын кошумчалады.