БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 227 кишиден табылып, 124 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Айыккандар:
Жуктургандар:
Акыркы 24 саат ичинде төрт киши коронавирустун курмандыгы болду. Бири Чүй облусунун тургуну болсо, үчөө Бишкектин жашоочулары эле. Аларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирустан көз жумгандардын саны 1532ге жетти.
Азыркы тапта 932 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Анын ичинен 213ү оор абалда болсо, 33 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Ал эми 1017 кыргызстандык үй шартында дарыланууда.