Кикбоксчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште үч алтын, бир коло алды. Сүрөт

Турнирге 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышканы белгиленди. Алтын медалды Авазбек Аманбеков, Рустам Ибрагимов жана Марат Мусаев алды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Түркияда өткөн Turkish Open Kickboxing European Cup мелдешинде үч алтын жана бир коло медаль алышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Турнир 8-11-апрель күндөрү Анталья шаарында болду.
Мелдештин алтын медалын Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана дагы бир кесипкөй спортчу Марат Мусаев (51 кг) тагынган.
Ал эми Ахрор Розбаев (57 кг) коло байгеге ээ болду.
Турнирге 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышканы белгиленди.