Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр

Мэрия жарандарды гүлдөргө аяр мамиле жасоого чакырып, уурдоо аракети болсо 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Борбор калаада "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери клумбаларга тиккен жоогазындар гүлдөй баштаганын мэриядан билдиришти.
1 / 3
Борбор калаада "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери клумбаларга тиккен жоогазындар гүлдөй баштаганын мэриядан билдиришти
2 / 3
Быйыл Бишкектеги клумбаларга 130 миң түп жоогазын чыккан
3 / 3
Маалыматта жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин тамырлары казып алынып, күздө кайра клумбаларга отургузулары айтылды
Быйыл Бишкектеги клумбаларга 130 миң түп жоогазын чыккан.
"Өткөн жылдын жаз айында пандемияга байланыштуу жарандар гүлдөрдүн гүл ачканын онлайн көрүп калышкан. Быйыл, бактыга жараша, шаардыктар санитардык нормаларды сактоо менен кооздукту жанынан көрүп суктана алышат", — дешти мэриядан.
Маалыматта жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин тамырлары казып алынып, күздө кайра клумбаларга отургузулары айтылды.
Мэрия жарандарды гүлдөргө аяр мамиле жасоого чакырып, уурдоо аракети болсо 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.