Ыш менен күрөшүү. Бишкектеги айрым от казандар газга өткөрүлөт

Кыш мезгили келип, суук түшкөндө Бишкекти адатта кара түтүн каптайт. Мындай көрүнүштөн арылуу үчүн бийлик өкүлдөрү калктуу конуштарды газга өткөрүүнү пландаган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн көмүр жагылган от казандар газга өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпыга билим берүү мекемелеринин от казандарын газдаштыруу үчүн тендер жарыяланды. Ага ылайык, №23, №35, №15, №54, №59, №32 мектептер, №12 бала бакча жана майып балдардын реабилитация борбору газ менен жылытыла баштайт.
Новиков: 1-апрелде Бишкекти чулгаган ыштан арылуу иштери башталышы керек
Аткарыла турган иштин сметалык баасы 6 198 875 сом. Каражат шаардык бюджеттен каралган.
Белгилей кетсек, кыш мезгили келип, суук түшкөндө Бишкекти адатта кара түтүн каптайт. 2020-жылы дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен Кыргызстандын борбор калаасы биринчи орунга чыккан. Бийлик өкүлдөрү эл көмүр жакпашы үчүн газдаштыруу иши колго алынарын убадалаган.