Жалал-Абадда аюуну өлтүрүп, терисин алып бараткан жаран кармалды. Сүрөт

Шектүү адам балчы экенин, аюу бал челектерин талкалай бергенде аны өлтүргөнүн айткан. Бул фактынын негизинде акт түзүлүп облустук милицияга өткөрүп берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда Кызыл китепке кирген күрөң аюуну өлтүрүп, терисин алып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Турат Сатимбаев билдирди.
1 / 3
Жалал-Абад облусунда Кызыл китепке кирген күрөң аюуну өлтүрүп, терисин алып бараткан жаран кармалды
2 / 3
Окуя 9-апрель күнү Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын жайлоосунда катталган
3 / 3
Бул фактынын негизинде акт түзүлүп, 12-апрель күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилген.
Анын айтымында, окуя 9-апрель күнү Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын жайлоосунда катталган.
"Бизге түшкөн маалыматтын негизинде эки кызматкерди ээрчитип алып айтылган аймакка барганбыз. Тоодон баштык көтөрүп келе жаткан адам баштыгын катып жатканын көрдүк. Текшере келгенде жаңы союлган аюунун териси чыкты. Ал Кызыл-Үңкүр токой чарбасында балчы экенин, аюу бал челектерин талкалай бергендиктен ага тузак коюп кармап, өлтүргөнүн айтты", — деди Сатимбаев.
Бул фактынын негизинде акт түзүлүп, 12-апрель күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилген.
Сатимбаев Жалал-Абад облусунда 2020-жылдын аягындагы эсеп боюнча 234 аюу бар экенин кошумчалады.