Тажикстанда аял-милиционерлер үчүн жаңы форма иштелип чыкты. Сүрөт

Варианттар өлкө президенти Эмомали Рахмонго көрсөтүлдү. Бул формалар азырынча мамлекет башчысы тарабынан жактырыла элек.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Тажикстанда аялдар үчүн милициянын формасынын эки дизайны (параддык жана талаада жүрүүгө ылайыкташкан) сунушталды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Тажикстанда аялдар үчүн милициянын формасынын эки дизайны (параддык жана талаада жүрүүгө ылайыкташкан) сунушталды
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, форма атлас жана адрас материалдары менен улуттук жана европалык стилде тигилген. Моделдер Согди облусунун дизайнерлери тарабынан иштелип чыккан.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, форма атлас жана адрас материалдары менен улуттук жана европалык стилде тигилген
Талаада жүрүүгө ылайыкташкан форма камуфляж түрүндө даярдалган.
Варианттар өлкө президенти Эмомали Рахмонго көрсөтүлдү. Бул формалар азырынча мамлекет башчысы тарабынан жактырыла элек.