Учурда каалаган адам такси кызматына ишке кире алат. Себеби айрым фирмалар аралыктан эле жумушка кабыл алган учурлар бар. Бул тууралуу Руслан Жакыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жүргүнчү ташуучулар үчүн тийиштүү талаптар коюлган документ жок.
"Таксисттерди лицензиялоо дегенде туура эмес кабыл алгандар бар. Себеби алар муну кандайдыр бир каражат топтоочу жол катары түшүнүшүүдө. Андай эмес, себеби лицензия деген бул укуктук документ деген эле мааниде. Такси айдоочусунун уруксат кагазы же башкача айтсак документи болот. Аталган тармакты иретке келтире турган кандайдыр бир укуктук документтер керек. Ансыз учурда жаңы эле 18 жашка толгон адам такси айдоочусу болуп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күндө амнистия жарыяланып, абактан толтура киши чыкты. Алар 15 мүнөттө кайсы бир такси кызматына онлайн эле орношуп алуусу ыктымал. Бул жерде түрмөдөн чыккандардын баары жаман деген кеп эмес. Таксилерде коопсуздук жагы көзөмөлдөнбөйт. Маселе ушул тууралуу болууда. Чынында психологиялык жактан жабыр тарткан адам, наркоман же дагы бир унаага отурууга болбой турган киши такси айдоочусу болуп калбайт деп ким кепилдик берет? Ошондуктан иретке келтирүү үчүн кандайдыр бир укуктук документтер кабыл алынуусу керек", — деди Жакыпбеков.
Ошондой эле ал көп жыл мурда айдоочулук күбөлүк алган адамдарды да такси кызматына уруксат берерде текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.