Шейшембиге карата аба ырайы

13-апрелге караган түнү жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Тоо этектериндеги аймактардын төмөн жерлерин суу каптап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Эртең Бишкектин бир катар көчөсүндө түнгө чейин суу болбойт. Тизме
Бишкекте күн ачык болсо, Ош шаарында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбордо +20…+22, Ош шаарында +21…+23 градусту көрсөтөт.