Новиков адам уурдоодо ыкчам реакция кылуу алгоритмин иштеп чыгууну сунуштады

Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда “Коопсуз шаардын” камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 2
Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда “Коопсуз шаардын” камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады
2 / 2
Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет
Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет.
Ал аялдар менен балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
"Айзаданын (Канатбекова — ред.) трагедиялуу окуясы баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Тилекке каршы, бул жалгыз гана мисал эмес. Акыркы кезде жаңылыктардан мектеп окуучуларынын урушу, аялдардын кордолушу, жашы жете электердин зордукталышы тууралуу гана окуп калдык. Бүгүн биз бул нерселерди алдын алуу үчүн аракеттерди кылышыбыз керек”, — деди Новиков.
Новиков ала качуу боюнча жазаны күчөтүп, адам уурдоо беренесине теңөөнү сунуштады. Ал кагаз жүзүндө көптөгөн концепциялар, стратегиялар иштелип чыкканы менен турмушта колдонулбай келгенин кошумчалады.