Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн ыңгайлуу тиркеме иштелип чыкты

Тиркеме атайын кыргыз жана орус тилдеринде иштелип чыккан. Андагы материалдар балдар үчүн кызыктуу жана жеткиликтүү экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн "Дилгирим" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасынын кеңсесинен билдиришти.
Тиркемени смартфонго Google Play аркылуу көчүрүп алууга болот.
Ирактагы кыргызстандык балдар кантип кайтарылды. Эки жылдык миссиянын чоо-жайы
Анда угуусу начар биринчи класстагы балдардын сүйлөө речин жакшыртуу үчүн ылайыкталган сүрөт менен коштолгон маалыматтар бар. Тиркеме ЮНИСЕФ менен ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу астында Technoland коомдук фонду тарабынан кыргыз жана орус тилдеринде иштелип чыккан.
"Дилгиримди" түзүү үчүн фонд кулагы укпаган балдардын Бишкектеги мектеп-интернатынын методикалык кеңеши менен кызматташкан.
"Буга чейин постсоветтик аймакта окуу материалдары орус тилинде гана болуп келген. Эне тилиндеги сөздөрдү билбегендик балдарды үй-бүлөсүнөн алыстатып, коомчулуктан обочолонтот", — дешти ПРООНдон.
Мектепке чейинки билим берүү программасынын алкагында үч мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Алар: "Менин үй-бүлөм", "Менин дүйнөм" жана "Арифметика".