Коронавирус 6 кишинин өмүрүн алды, ооруну дагы 145 адам жуктурду

COVID-19дан көз жумгандар Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө дарыланып жаткан. Илдеттен каза тапкандар расмий түрдө 1 528 болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 145 кишиден оору чыгып, 103 бейтап дартты жеңди. Тилекке каршы, алты адам көз жумганын Республикалык штаб кабарлады.
Ооругандар:
Пандемиядан бери Кыргызстанда оору 90 372 адамда аныкталды.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
Коронавирус психикалык ден соолукка кандай таасир этери аныкталды
Тилекке каршы, COVID-19дан Бишкектен үч, Чүйдөн эки жана Ысык-Көлдөн бир киши көз жумду. Ушуну менен жугуштуу оорудан көз жумгандар 1 528ге жетти.
Учурда стационарда 983 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 18 адамдын абалы канааттандырарлык, 619у орточо, 203ү оор жана 28и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 868 бейтап бар.