Мекеменин билдиришинче, акыркы убакытта Россияда эмгектенип жүргөн мекендештердин арасында жасалма ID-карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалгандар көбөйүүдө.
"Жоготуп алган, мөөнөтү бүткөн же башка себептер менен документтери жок жүргөн мигранттар аны мыйзамдуу жол менен алгандан жалкоолонуп, жасалма бүтүрүп жатышат. Бул үчүн Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопко тартыласыздар. Ошондуктан документ жоготкондо полицияга арыз менен кайрылып, андан кийин өлкөнүн консулдук бөлүмдөрүнө барып мыйзамдуу жол менен алыңыздар", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ жасалма документтерди сунуштагандар болсо Россиядагы өкүлчүлүккө кабарлап коюуну өтүндү.