ЕАЭБ аймагында өзү өччү чылым пайдалануу сунушталып жатат

ӨКМден түшүндүргөндөй, өзү өччү чылымды пайдалануу демилгесин көтөрүүгө жарандардын саламаттыгын сактап калуудан тышкары өрт коркунучун алдын алуу аракеттери себеп болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында өзү өчүп калчу чылымды пайдаланууну сунуштап жатат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, документтин долбоорун Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыгып, башка ведомстволорго макулдашууга жөнөттү.
ӨКМден түшүндүргөндөй, мындай демилгени көтөрүүгө жарандардын саламаттыгын сактап калуудан тышкары өрт коркунучун алдын алуу аракеттери себеп болууда.
"Тутанып кетүү жөндөмү азыраак чылымдарды өндүрүп, колдоно баштасак адам өлүмүнө жана ири материалдык чыгымдарга алып келген өрттөрдүн саны азаймак. Документ кабыл алынып калса, бул стандарт эки жылдан кийин ишке аша баштайт деген үмүт бар. Өзү өчүп калган тамекини колдонуу талаптарын ЕАЭБдин техникалык регламентине дагы киргизүү сунушталууда", — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.
Буга чейин Россиянын чылым чегүүчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук кыймылынын директору Андрей Лоскутов өзү өчүп калуучу тамекилер адамдын ден соолугуна зыян алып келерин айтып чыккан. Анын пикиринде, мындай чечим кабыл алардан мурда жаңы түрдөгү чылым организмге кандай таасир этерин изилдеп чыгуу керек.