Жалгыздап, жалпылап... Добуштарды санаган учурдан 18 ирмем

Sputnik

КМШ байкоочулары шайлоонун жүрүшүнө кандай баа берүүдө. Видео
Өлкө боюнча 2 273 шайлоо участкасы иштеди. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берчүлөрдүн тизмесинде 3,3 миллион, ал эми референдумда добуш бере тургандардын тизмесинде 3,6 миллион киши катталган.

Референдумга 1 325 254 шайлоочу же 36,75 пайызы добуш берген. Ал эми болжолдуу түрдө алганда республикалык маанидеги калаа Бишкекте алты, Ошто төрт партия шаардык кеңештин шайлоосунан өттү.

Ал эми чет жакта 48 шайлоо участкасы ачылып, тизмеде 58 598 жаран катталган.

1 / 18
Кыргызстандыктар 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлап, жаңы Конституциянын долбооруна добушун берди
2 / 18
Бишкек шаарында шайлоо комиссиясынын кызматкери добуш берүү бүткөндөн кийин шайлоо участогун жаап жатат
3 / 18
Шайлоо комиссиясынын кызматкери шайлоо тилкелеринин биринде добуштарды санап жатат. Бишкек шаары
4 / 18
Шайлоо комиссиясынын кызматкерлери добуштарды санап жатат
5 / 18
Кыргызстандыктарга эки бюллетень берилди. Бири – жалпы элдик добуш берүү, экинчиси – жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоо болду
6 / 18
Берилген добуштарды автоматтык түрдө санаган урнадан чыккан маалымат. Бул добуштар элдин тагдыры үчүн чоң мааниге ээ
7 / 18
Бюллетень, тигилген көздөр, текшерүү...
8 / 18
"Иш бүттү! Эл референдумга келди, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлашты". Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери
9 / 18
Бюллетендерди саноо алдында...
10 / 18
Бир бюллетень да кандай мааниге ээ!
11 / 18
Ар бир процесс көзөмөлдө
12 / 18
Конституциянын жаңы долбооруна добуш берүүгө келгендердин 79,25 пайызы колдоп, 13,69 пайызы каршы экенин билдирген
13 / 18
28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышты
14 / 18
Бюллетень. Конституциянын жаңы долбооруна шайлоочу каршымын деп добуш берген
15 / 18
Тагдыр чечкен сандар...
16 / 18
Референдумда добуш берилген 89 830 бюллетень (6,94 пайыз) жараксыз деп табылды
17 / 18
Кыргызстанда участкалык шайлоо комиссиялары эртең мененки саат сегизде ачылып, кечки саат сегизде жабылды
18 / 18
Бишкектеги участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери иши аяктап калганда...