Шайлоо жыйынтыгы жокко чыксын! Өтпөй калган партиялар митинг өткөрүштү. Видео

Жекшемби күнү өткөн шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышып, алты партия жеңишке жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешине өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына болжол менен 30га чукул адам чогулган. Акциянын модератору президентке, башкы прокурорго жана БШК төрайымына жети партия кайрылуу жибере турганын айтты. Негизи талап — Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра башынан өткөрүү.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышып, алты партия жеңишке жеткен.