Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн жанынан жоголгон аял Кара-Балтадан табылды

Свердлов райондук милициясына аялдын эжеси кайрылып, сиңдиси Борбордук бакыт өргөөсүнүн жанынан жоголуп кеткенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте жоголуп кеткен 33 жаштагы Гүлназ Мурсакматова Кара-Балта шаарынан табылды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.
Кечээ Свердлов райондук милициясына Мурсакматованын эжеси кайрылган. Ал Жумабек жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Борбордук бакыт өргөөсүнүн жанынан сиңдиси жоголуп кеткенин айткан.
Милиция окуянын чоо-жайын кабарлаган жок. Бирок ал табылып, туугандарына өткөрүп берилгенин билдирди.