Анжеликага мандат жетпей калды. Бишкекке депутат болчулардын тизмеси өзгөрдү

11-апрелде өткөн добуш берүүдө Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышкан. Алардын ичинен алтоо 7 пайыздык ченден өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Автоматтык саноочу урнадагы бюллетендер тогулу менен эсептелип бүтүп, Бишкек шаардык кеңешинин курамында алдын ала жыйынтыкка салыштырмалуу бир аз өзгөрүүлөр болду. Маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
АСУ чыгарган жыйынтык боюнча шаардык кеңешке өткөн партиялар менен мандат алчу талапкерлер:
"Эмгек" партиясына он мандат:
"Ак Бата" партиясына тогуз мандат:
Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясына (НДПК) сегиз мандат:
"Ата-Журт Кыргызстан" партиясына жети мандат:
"Ынтымак" партиясына алты мандат:
"Биздин эл" партиясына беш мандат буюрушу ыктымал:
Эскерте кетсек, жогоруда мандаттар боюнча маалымат партиялык тизмеге ылайык берилди. Акыркы чечимди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жарыялайт.