Бишкекте эки жашар бөбөк табылып, милиция ата-энесин издеп жатат

Бөбөк №19 үйдүн жанындагы балдар аянтчасында ойноп жүргөн. Ал тууралуу маалымат социалдык тармактарга да чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын 3-кичи районунда болжол менен эки жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.
Бишкек шаарынын 3-кичи районунда болжол менен эки жаштагы бала табылды
Бөбөк №19 үйдүн жанындагы балдар аянтчасында ойноп жүргөн. Ал тууралуу маалымат социалдык тармактарга да чыккан.
Бою 90 сантиметр, арыкчырай, чачы кара. Үстүндө чаар куртка, көк түстөгү жинсы шым. Башында "Tangua" деген жазуусу бар кызыл топу.
Наристенин ата-энеси тууралуу билгендер болсо, бул номерлерге кабарлап коюңуздар: (0700) 10-33-84, (0707) 21-43-59, (0312) 54-41-84 же 102.