Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен эң биринчилерден болуп синтетикалык баңгизатка каршы иш жүргүзүп, синтетикалык баңгизаттарга каршы аракеттенүү бөлүмү ачылды. Тармак баңгизаттын экономикалык туруктуулугун алсыздандырууга багытталган иш-чараларды жүргүзөт. Бул тууралуу Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Афганистанда өндүрүлгөн нашаа, апийим, герион сыяктуу баңгизаттарга каршы иш жүрүүдө.
"Наркосоода кылмыштуулуктун бир түрү эле эмес, өзгөчө спецификасы бар бизнеске окшоп кетет. Бул мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү да өзгөчө жол менен жүрүшү зарыл. 2019-жылы 19 тонна 282 килограмм 450 грамм баңгизат кармалды. Басымдуу бөлүгүн, тактап айтканда, 14 тонна 324 килограмм 443 граммын каннабис өсүмдүгү түзөт. Бул жылы биздин кызмат синтетикалык баңгизаттарга көңүл буруп жатат. 2020-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу апийим 5 килограмм 705 граммга көбүрөөк, ал эми героин азыраак табылды. Өткөн жылы Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн операцияда 270 килограммга жакын Афганистанда өндүрүлгөн нашаа кармалган болчу. 2019-жылы беш килограммдан ашык, ал эми 2020-жылы жети килограммдай синтетикалык баңгизат аныкталды", — деди Шигаев.
Ал баңгизаттарга каршы күрөштүн натыйжасын арттыруу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү кириши керектигин кошумчалады.