Садыр Жапаров жубайы экөө Чоң-Арык айылында добуш берди. Сүрөт, видео

Кыргызстандагы 28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. Жарышка чыккан саясий уюмдардын эң көбү Бишкекте. Жергиликтүү кеңешти шайлоо менен кошо жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум да өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга добуш берди.
Бул үчүн өлкө башчы Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесине барды.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатат.
Учурда Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.