Ай чырайлуу мушкер дебюттук кармашында атаандашын оор нокаутка кетирди. Видео

Спортчу кыз Bellator уюму менен 2019-жылдын аягында келишим түзгөн. Деген менен коронавирус пандемиясынан улам беттешке чыга албай келген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Россиялык ММА мушкери Диана Авсагарова Bellator уюмундагы дебюттук таймашында эле кубаттуу соккусу менен атаандашын оор нокаутка кетирди. Бул тууралуу Championat.com сайты жазды.
"Пантера" каймана аты бар суйкайган кыз америкалык атаандашы Тару Граффты 29 секундада сулата чапкан.
22 жаштагы атлет кыз түбү Түндүк Осетиядан болот. Ал жаш кезинде арм-рестлинг, фехтования жана кикбоксинг менен машыккан. Кийин аны эркин күрөшкө киргизишкен.
Ал күрөш менен алты жылдай машыгып, спорт чебери наамын алган. Диана жаштар арасында Россиянын чемпиону жана көптөгөн мелдештерде жеңүүчү болгон. Ал Түндүк Осетияда да, Москвада да машыккан. Спортчу беш жыл бою Россиянын борборундагы мушкерлер үчүн пансионатта болуп, кийин үйүнө барган. Диана үчүн үй-бүлөсүнүн кашында машыгуу ыңгайлуу болгонун белгилеген. 
Осетиялык сулуу кыз белгилүү мушкер, учурда UFC уюмунун өкүлү Лиана Жожуа менен таанышкандан кийин ММА спорту менен машыга баштаган.
Алар тез эле достошуп, өнөрлөрүн өркүндөтүү үчүн бири-бирине жардам бере башташкан. Өзгөчө күрөштү өздөштүрүшкөн. 2017-жылы Лиананын Emir Fighting Championsips уюмунда беттеши пландалган. Ошол учурда Авсагарова курбусунан өзү үчүн да беттеш уюштурууну өтүнгөн. Алар экөө тең таймашка чыгышып, өз атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда утушкан. 
Авсагарова көбүнесе кичи мекениндеги Alania Fighting Team клубунда машыгат. Ал эми окуу-машыгууларды өткөрүүдө Грозныйдагы "Ахмат" клубуна барат. Спортчу дал ушул клубдун атынан мелдештерге чыгат.
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео