БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого жана референдумга келгендердин саны 5 пайызды түздү. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.
Референдумга катышууга 3 миллион 606 миң 201 жаран укуктуу. Анын ичинде эки сааттын аралыгында 181 801 адам добуш берди. Катышуу боюнча Ош шаары активдүүлүгүн көрсөтүүдө (7,94 пайыз), ал эми Бишкек шаарында эң төмөн көрсөткүч (3,20 пайыз) байкалды.
Жергиликтүү кеңешке шайлоого 3 миллион 318 миң 130 киши катыша алат. Саат 10:00гө карата 172 139 шайлоочу добуш берди. Шаардык кеңештин депутаттарын тандоого келгендердин саны азыраак (4,75 пайыз), ал эми айылдарда активдүүлүк байкалууда.