Шайлдабекова: референдумда 89,83 миң бюллетень жараксыз деп табылды

Автоматтык түрдө санаган урналардагы добуштардын 96,34 пайызы эсептелгенден кийинки жыйынтыкка ылайык, референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Референдумда добуш берилген 89 830 бюллетень (6,94 пайыз) жараксыз деп табылды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Референдумга катышууга 3 606 225 жаран укук алган. Анын ичинен 1 325 254 шайлоочу же 36,75 пайызы добуш берген. Бул автоматтык түрдө санаган урналардагы добуштардын 96,34 пайызы эсептелгенден кийинки жыйынтык.
Ага ылайык, шайлоого келгендердин 79,25 пайызы референдумду колдоп, ал эми 13,69 пайызы каршы добуш берген.