БИШКЕК, 11-апр.— Sputnik. Шайлоо процесси башталгандан бери Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ 106 эреже бузууну каттаган. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда маалымдады.
Анын айтымында, мыйзам бузулду деп эсептегендердин кайрылуусунун басымдуу бөлүгү Бишкектен (50) жана Чүйдөн (21) түшкөн.
Арыз-даттануулар:
Арыздануулардын көбү шайлоочулардан (50), талапкерлерден жана саясий партиялардан (25) түшкөн.
Ушу тапта шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп билүүгө болот.