БШК канча шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш бергенин айтты

Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берчүлөрдүн тизмесинде 3,3 миллион, ал эми референдумга катыша тургандардын тизмесинде 3,6 миллион киши катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. 10-апрелде 17 099 жаран шайлоо участкаларынан сырткары добуш берген. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия билдирди.
Жалпысынан 19 298 арыз тапшырылган.
Шайлоо тилкелеринен сырткаркы жерде добуш берүүчүлөрдүн тизмесине ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу участкага келе албаган, ошондой эле ооруканада жаткан, камакка алынган, убактылуу алыскы райондордо жашаган шайлоочулар киргизилген.
Бишкекте участкадан тышкаркы алты тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты
Бул тизмедегилердин дээрлик 17 099у добуш берди. Шайлоочулардын тизмесине жалпысынан 3 миллион 318 миң 130 киши киргизилген, ал эми референдумга катыша тургандардын тизмесине 3 миллион 606 миң 201 жаран катталган.
Саат 08:00дө өлкө аймагында 2435 шайлоо участкаларында добуш берүү башталган. 2273 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарына да, референдумга да добуш берүү жүрүп жатат.
Өлкөдөгү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктай элек төрт шаар жана 32 айыл аймактарындагы 162 шайлоо тилкелеринде референдум жүрүүдө.
Шайлоонун кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп билүүгө болот.