ТИМ кайсы өлкөлөрдө добуш берүү аяктап, канчасында уланып жатканын айтты

Россиядан тышкары Япониядагы, Кореядагы, КЭРдеги, Малайзиядагы, Казакстандагы элчиликтерде жана Гуанчжоу, Новосибирск, Алматы шаарларындагы Башкы консулдуктардагы шайлоо участкалары жабылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Чет мамлекетте жүргөн 2 789 кыргызстандык бүткүл элдик добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.
Маалымат Бишкек убактысы боюнча саат 20:00гө карата алынды.
Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өттү. Алдын ала жыйынтык
Россиянын Түштүк Сахалин, Владивосток, Якутск, Иркутск, Красноярск шаарларындагы элчиликтин канцеляриясынын аймагында түзүлгөн референдумдун 13 участкасы ишин аяктады. Ошондой эле Япониядагы, Кореядагы, КЭРдеги, Малайзиядагы, Казакстандагы элчиликтерде жана Гуанчжоу, Новосибирск, Алматы шаарларындагы Башкы консулдуктардагы участкалар жабылды.
Учурда 35 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүп жатат.
Чет өлкөлөрдөгү бардык шайлоо аймактарында референдум боюнча мыйзамдардын алкагында жана бардык эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүп жатканы белгиленди. Мыйзам бузуулар катталган жок.