КР футболчулары кыз-келиндердин зомбулукка кабылышына каршы акция уюштурду

Футболчулар бетине кызыл боёк сүртүп чыккан оюн 10-апрелде Кант шаарында өттү. Бул акцияны Премьер-лиганын 5-турундагы оюндардын бардык катышуучулары да улантышат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасынын оюнчулары кыз-келиндердин зомбулукка кабылышына коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн акция өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдирди. 
"Кара-Балта" жана "Нефтчи" клубдарынын кечээ өткөн беттешинде эки жактын тең футболчулары оюнга бетине кызыл сызыктуу белги коюп чыгышты. Муну менен алар аялдарга карата болгон зомбулукка каршы күрөшүү зарылдыгын белгилешкен.
"Бул акция Премьер-лигада ойногон клубдардын, КРдин кесипкөй футболчулар ассоциациясы жана Кыргызстандын профессионалдык футболдук лигасынын оюнчулары тарабынан аялдарга жасалган зомбулукка кызыл айып кагазын көрсөтүүнү туюнтат", — деп айтылат билдирүүдө.
Премьер-лиганын 5-турундагы бардык оюндар "Аялдарга карата зомбулукка каршы" аталышындагы акциянын алкагында өтөрү белгиленди.