Радио

Топонимист: Кулун көлү өлкөдөгү тоодо жайгашкан көлдөрдүн эң чоңу

Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Фергана тоо кыркасынын түштүк-батыш аймагында жайгашып, Кара-Кулжага караган Кулун көлү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Кулун көлү тоо арасында жайгашкан өлкөдөгү көлдөрдүн эң коозу. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган көл жер силкинүүдөн улам капчыгай тосулуп калгандан кийин пайда болгон.
"Кулун көлү азыркы Кара-Кулжа районуна карайт. Фергана кырка тоолорунун түштүк-батышында жайгашкан, тоо арасындагы эң кооз көлдөрдүн бири. Окумуштуулар аны жер силкинүүдөн улам пайда болгон бөгөт көл деп айтышат. Жергиликтүү калк болсо Кулунду көл, Кулун көл деп атап, ар кандай уламыштарга байланыштырып келишет. Мисалга алсак, сууга кулун чөгүп кеткендиги үчүн же болбосо коңгуроосу шыңгыраган бир сыйкырдан пайда болгон кулун жердегендиги тууралуу легендалар бар", — деди Эшенгулов.
Топонимист Кулун көлүнүн суусу ичүүгө жарактуу экенин жана бул жер атайын корукка алынганын кошумчалады.