Радио

Якубов: мең, папиллома иммунитет түшүп кеткенде пайда болот

Улуттук онкология жана гематология борборунун онкодерматологу Алмаз Якубов меңдин меланомага айланышы, папилломанын чыгышы адамдын иммунитетинин түшүп кеткенине байланыштуу экенин айтты.
Sputnik
Алкоголдук ичимдиктер, химиялык заттар, таза эмес тамак денеде өсүндүлөрдү пайда кылат. Бул тууралуу Алмаз Якубов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, калды кесип алса же күндүн нуру көп тийсе ал өсүп залалдуу шишикке айланышы мүмкүн.
"Адамдын денесинде 50дөн 100гө чейин мең болушу мүмкүн. Алар киши менен кошо жаралып, жашы өткөн сайын көлөмү көбөйөт. Кал химиялык заттардан улам, күндүн нуру тийгенде, тери өйкөлгөндө пайда болот. Эгер формасы, өңү бир өңчөй болсо, анда ал залалдуу эмес. Ал эми анын формасы, түсү ар башка болсо кооптуу боло баштайт. Мең ооруп, канап, кычышып, формасы өзгөрүп отуруп меланомага өтөт. Ал эми папиллома адам 40тан өткөндө моюн, колтугуна көп чыгат. Бул өсүндүлөрдү алдырып жатканда тамыры калып калган болсо, бара-бара онкологиялык клеткалар пайда болушу ыктымал. Кал, меңдер дерматоскопия, онкотест, онкомаркер менен текшерилип, цитология, биопсия ыкмалары менен изилденет. Калдар хирургиялык, суюк азот жана лазердик ыкма менен алынат", — деди Якубов.
Адис адамдын денесине чыккан кал, мең, папиллома жана башка өсүндүлөрдү онкодерматологго гана алдыруу керектигин кошумчалады.