ИИМ өкүлү: бет кап чуусу иликтенип, добуш сатып алуу фактысы аныкталган жок

БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна эртең мененки саат 8:00дөн баштап 43 кайрылуу түшкөнү маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бет кап чуусуна байланышкан фактылар териштирилип, добуш сатып алуу фактысы аныкталган жок. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарында шайлоочуларга акча таратып, алар добуш берүүгө кирип жатканда бет кабынын чекесин тешип белги койгону туурасында сүрөттөр тараган. Ушул эле сыяктуу ыкма менен адамдарга жашыл түстөгү бет кап тагып киргизилип жатканы айтылган.
"Эки фактыны тең териштирдик. Добуш сатып алуу аныкталган жок", — деди Макилов.
Жалпы жонунан БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна эртең мененки саат 8:00дөн баштап 43 кайрылуу түшкөнү маалымдалды.