Эркин күрөштөн биринчи болуп Эрназар Акматалиев Олимпиадага лицензия утту. Видео

65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык Ильяс Бекбулатовду жеңип алды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев Токио Олимпиадасына лицензия утту. Спортчу ушу тапта Алматыда өтүп жаткан Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинин финалына чыкты.
Турнирдин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.
65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай чабуулун улантып, адегенде төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Муну менен ал мелдештин финалына чыгып, эркин күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо уткан алгачкы кыргызстандык балбан болду.
Жеңилип, кайра өзүн колго алган Мээрим да Олимпиадага жолдомо утту. Видео
Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Аталган чемпионатта финалга чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 спортчу лицензия алууга жетишкен.
Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары Атабек Азисбеков (87 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.
Кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.