Депутаттыкка аттанган талапкерлер шайлоого 155,2 млн. сом коротту

Шаардык кеңешке катышкан партиялар 120,3 миллион сом, айылдык кеңешке депутат болууга ниеттенгендер 30 миллион сомдой сарптаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештин депутаты болууга аттанган талапкерлердин шайлоо фондуна 155,2 миллион сом чогулуп, үгүт иштерине анын 150,2 миллион сомун коротту. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.
Бишкекте шайлоо кандай өтүп жатат? Участкалардан тартылган 15 сүрөт
Ал эми айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондуна 32 670 643 сом чогулган. Анын ичинен 29 912 159 сому колдонулган.
Учурда өлкөнүн 420 айылдык кеңешине шайлоо өтүп жатат, талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет.