БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы автоматтык саноо урналарынын баары толугу менен эсептелип бүтүп, алдын ала жыйынтык чыгарылды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Борбор калаада шайлоочулардын 31,7 пайызы добуш берди.
Ага ылайык, төмөнкү алты партия алдыда баратат:
БШКнын төрайымы бул алдын ала жыйынтык экенин белгилеп, расмий жыйынтык кол менен эсептөөнүн натыйжасында жарыяланарын билдирди.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты мандатын алуу үчүн 25 партия ат салышкан. Мыйзам боюнча партиялар жети пайыздык босогодон өтүшү керек.