БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкекте 33 жаштагы Гүлназ Мурсакматова изделип жатканын шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Бишкекте 33 жаштагы Гүлназ Мурсакматова изделип жатканын шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады
© Фото / пресс-служба ГУВД г. Бишкек
Билдирмеге ылайык, Свердлов райондук милициясына Мурсакматованын эжеси кайрылган. Анын айтымында, тууганы бүгүн, 11-апрель күнү, саат 12:30дар чамасында Жумабек жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Борбордук бакыт өргөөсүнүн жанынан жоголуп кетип табылбай жатат.
Изделип жаткан аялдын бою 156 сантиметр, салмагы орточо, чачы кара жана узун. Үстүнө ичке жемпир, кара өңдөгү жеңсиз кийим, кара түстөгү шым жана жалпак туфлий кийип жүргөн. Өзгөчө белгиси — экинчи топтогу майып.
Милиция Гүлназ Мурсакматова тууралуу маалыматы барларды 0557 11-94-10, 0553 10-23-87, 0702 49-88-88, 0552 10-27-43, 0702 22-85-05 жана 102 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.