Бишкекте шайлоо кандай өтүп жатат? Участкалардан тартылган 15 сүрөт

Sputnik

Бул санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып, шайлоочулар бет кап кийип келип жаткан үчүнчү шайлоо.

1 / 15
Бүгүн кыргызстандыктар жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга жана өздөрүнүн жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлап жатышат
2 / 15
28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. 420 айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет
3 / 15
Жарандар жаңы Конституцияны кабыл алуу же албоо керектиги боюнча пикирлерин билдиришет
4 / 15
Ал үчүн шайлоочулар бюллетендеги "ооба" же "жок" деген жооптордун бирин тандашы керек
5 / 15
Кечээ күнү участкадан тышкаркы тилкеде добуш берүү жүргүзүлдү
6 / 15
Бир нече партия өкүлдөрү участкадан тышкаркы тилкеде өткөн добуш берүү процедурасы мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышты. Кийин БШК Бишкек, Ош, Токмок жана Чүй облусундагы Аламүдүн районунда, жалпы 15 участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды
7 / 15
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого 856 404 шайлоочу келген, бул жалпы шайлоочулардын 25,81 пайызы. Ал эми референдумга 888 331 киши добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 24,63 пайызын түзөт
8 / 15
Саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, добуш берүүгө катышкандардын саны боюнча алдыда Жалал-Абад облусу болду. Анда шайлоо участкаларына 101 858 киши келген
9 / 15
Ал эми саат 12:00гө карата добуш берүүгө келгендердин эң аз саны Талас облусуна туура келди (773 адам)
10 / 15
Үй башчыларынын мыйзамсыз аракеттеринен улам Бишкектеги жети участкада добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды
11 / 15
Эгер сиз мыйзам бузууга күбө болсоңуз БШКга (0312) 66-28-46, 66-40-13, (факс) 96-03-38, 96-02-87 номерлери боюнча кабарлай аласыздар. "Кыргызтелеком" ААКнын стационардык номерлери аркылуу чалуулар бекер. Ал эми аймактар менен мобилдик байланыштар кадимки тариф менен эсептелет
12 / 15
Шайлоо процессине 31 мамлекеттен келген 183 эл аралык байкоочу көз салууда
13 / 15
10-апрель күнү участкадан тышкаркы тилкеден 17 099 жаран добуш берди
14 / 15
Аксакал киши шайлоодо добуш берип жатат
15 / 15
Улгайган аял Бишкектеги шайлоо участкаларынын биринде добуш бергени жатат