БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik Бир катар саясий партиялардын даттануусунан кийин шайлоо участкасынан тышкаркы алты тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин аймактык комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Алты шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды", — деп жазды төрага.
Эске салсак, 10-апрель күнү Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга шайлоо участкасынан тышкары добуш берүү өткөрүлгөн.
Айрым саясий партиялар мыйзам бузуулар болгонун айтып, жыйынтыгын жоко чыгарууну талап кылышкан.
Учурда Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.