Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды 5 оорукана кабыл алууда. Тизме

Улуттук госпиталь менен №1 шаардык клиникалык оорукана да коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл ала баштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК,11-апр.— Sputnik. Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган ооруканалардын саны бешке көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Буга чейин ордо калаада коронавирус жуктурган бейтаптар үч ооруканада дарыланып жаткан.
11-апрель саат 12:00гө карата берилген маалымат боюнча беш ооруканада 151 бош орун бар.
Өткөн суткада Кыргызстанда 203 киши коронавирус жуктуруп, үч бейтап каза тапкан.