Жоламан менен Акжол Олимпиадага лицензия берилчү мелдештин чемпиону болду. Видео

Учурда Алматы шаарында Токио Олимпиадасына жолдомо берген квалификациялык турнир өтүп жатат. Бүгүн кыз-келиндер күрөшү жүрүүдө. Анда кыргызстандык үч балбан кыз катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде чемпион болушту. Финалдык беттештердеги урунттуу учурларды uww.asia уюму Instagram баракчасына чыгарды. 
60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков финалда кытайлык Сайлике Валихан менен кармашып, 4:3 эсебинде утуп, чемпион болду. 
Ал эми 77 килограмм салмактагы балбандардан Акжол Махмудов чечүүчү таймашта Шохей Якубуну 7:3 эсебинде утуп, алтын байге тагынды.
97 килограмм салмакта күч сынашкан Үзүр Жузупбеков финалда ирандык Мохаммадхаби Абдоллах Саравиге жеңишти алдырды.
Кыргызстандык дзюдочу Золоев Азия жана Океания чемпионатынан алтын утту
Эскерте кетсек, аталган чемпионатта финалга чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.
Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат.
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү башталды. Кыргызстандык балбан кыздар Айпери Медет кызы (76 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Назира Марсбек кызы (57 килограмм) өз салмактарында олимпиадалык лицензия үчүн таймашышат.