Жекшембиге карата аба ырайы

Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордогу унаа жолдорго кар көчкү түшүү кооптуулугу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Эртең, жекшемби күнү, өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдайт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +20...+25, Ысык-Көл, Нарын аймагында +12...+17 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ош шаарында +23...+25, борбор калаада +21...+23 градуска жетери айтылды.
Ошону менен бирге абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорго кар көчкү түшүү кооптуулугу бар экени эскертилет.