БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук секторунун башчысы О.М.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Абхазиядан алып келинип бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалар боюнча коррупциялык схема аныкталган. Бул иш боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылганы белгиленет.
"Эки Lexus GX үлгүсүндөгү унаага Россиядан транзиттик каттоо боюнча жасалма документ даярдалган. Анын негизинде жолтандабастарга Кыргызстанда техникалык паспорт жана мамлекеттик номер берилген. Мунун кесепетинен мамлекетке бажы төлөмдөрү түшпөй бюджетке 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен "Унаа" мекемесинин Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук секторунун башчысы кармалган.
УКМК тарабынан бардык жагдайларды жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.