Айылдык кеңешке аттанган талапкер Түндүк — Түштүк жолун курууну убадалаган

Бул жылы алгачкы ирет жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан талапкерлердин программасы БШКнын сайтына жарыяланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин арасында мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлорду жүзөгө ашырууну убадалагандар болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул жылы алгачкы ирет жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан талапкерлердин программасы БШКнын сайтына жарыяланууда.
"Биз ар кандай программаларды көрдүк. Айылдык кеңешке шайлоого катышкан кээ бир талапкерлер программасына мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлорду жазып алган. Мисалы, бирөө Түндүк — Түштүк альтернативалык жолун курууну убадалаган", — деди Шайлдабекова.
Ошондой эле ал ар бир талапкер 1000 сомдон шайлоо күрөөсүн төккөнүн кошумчалады.