208 кишиге жугуп, үч адам каза болду. COVID-19 боюнча бүгүнкү статистика

Статистикага пневмония жуктургандар да киргизилген. Илдетке кабылгандардын көпчүлүгү Бишкек менен Чүйдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 208ге жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Оорулуулар аныкталган аймактар:
Талас жана Жалал-Абад облустарында илдетке кабылгандардын жаңы учуру катталган эмес.
Акыркы сутка ичинде үч адам оорудан көз жумду. Анын экөө Бишкек шаарынан, үчүнчүсү Чүй облусунан. Пандемия башталгандан бери өлкөдө каза болгон жарандардын саны 1 519га жетти.
Илдеттен 105 киши сакайды:
Катаал чектөөлөр киргизилеби? Новиков кыргызстандыктарга кайрылды
Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 824 адам коронавирус инфекциясы менен ооруган.
Соңку суткада 5 563 ПЦР-иликтөө жүргүзүлгөн. 833 бейтап стационардык, ал эми 880 киши амбулатордук түрдө дарыланууда.