Авиабилет баасы, эмдөө жана мектептердин курулушу. Россия элчисинин маеги

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси эмдөө жаатында, аба каттамдарын көбөйтүү мүмкүндүгү жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын башка аспектилерине токтолду.
Sputnik
Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Россиянын КРдеги толук ыйгарымдуу элчиси Николай Удовиченко менен баарлашты. Путин менен Жапаровдун макулдашууларынын ишке ашырылышы жаатында да кеп козгошту.
— Октябрь окуяларынан кийинки орус-кыргыз алакаларын кантип баалоого болот?
— Биздин мамиле стратегиялык мүнөздө. Интеграциялык түзүмдөрдүн — Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмунун алкагында ырааттуулук менен арыштоодобуз. Эң негизгиси — ортодо түшүнбөстүктөр жок, кызматташтыгыбызды аң-сезимдүүлүк менен өрчүтүп, кайда багыт алуу керектигин көрө билебиз.
Марипов РФ элчиси Удовиченко менен келишимдерди аткаруу жолун талкуулады
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун февраль айындагы Москвага болгон сапарында мындан аркы кызматташтыктын нугу жана алакалардын жакынкы жылдарда дагы бекемделишине таасир эте турган багыттарды аныктоочу макулдашууларга кол коюлду. Азыркы тапта ошол макулдашуулар четинен ишке ашырылууда. Эң оболу "Жер-Үй" тоо-кен комбинаты ачылды. Министр баш болгон Россиянын Билим берүү министрлигинин делегациясы келип, мектеп курула турган бир катар аянтчаларды көрүп чыкты.
Республикада россиялык педагогдор кыргызстандык билим берүү стандарттарына айкалышкан россиялык билим берүү методикалары боюнча окута турган бир нече мектеп баскыч-баскычы менен куруларын болжоп турам. Менимче, булар кайсы бир мааниде алдыңкы мектептерден болот. Башка багыттар боюнча да пландар жок эмес.

Мектептердин курулушунан кеп

— Россия республикада бир нече мектеп кура турган болду. Ушул долбоордон, келерки жылы Россиядан мыкты педагогдордун тажрыйба алмашуу үчүн келеринен кенен кеп салсаңыз.
— 2020-жылы пандемия чыкканга чейин Ошко Россиядан 27 педагог келген, ал старттык долбоор эле. Быйыл андан көбүрөөк, тагыраагы, 30 мугалим келди. РФтин Билим берүү министрлигинин сапарында ушул программаны өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу боюнча макулдашылды. Бул бир багыт.
Экинчиси – педагогикалык жамаатты мектептердин курулушуна жараша багыттоо, бул алардын базасында методологиялык даярдыкты жүргүзүүгө өбөлгө болот. Башкача айтканда, бул – иш жүзүндө мугалимдердин коңшу райондордо билимин өркүндөтүүсү. Булар билим берүү жаатындагы колдоо борборлору катары иш алып барып, анда орус тилинен сабак бергендер гана эмес, башка мугалимдерге да эшик ачык. 
Элчи Николай Удовиченко: биздин мамиле стратегиялык мүнөздө. Эң негизгиси — ортодо түшүнбөстүктөр жок, кызматташтыгыбызды аң-сезимдүүлүк менен өрчүтүп, кайда багыт алуу керектигин көрө билебиз
— Жалпы канча мектеп куруу пландалды?
— Так санын азыр айта албайм, анткени сунушту Билим берүү министрлиги киргизүүдө. Өкмөттүк деңгээлде кабыл алынган чечимге жараша бул программа ишке ашырылат.
Билишимче, алгач Ош жана Каракол шаарларында башталат, бирок алар менен чектелбейбиз. Андан соң курулуш кандай жүрөрүн аныктоо зарыл. Бул мектеп объектилери техникалык жактан анчалык татаал эмес, бирок балдардын билим алышы үчүн татыктуу болмокчу. Баары россиялык билим берүүнүн классикалык стандарттары боюнча жүргүзүлөт.
— Буга "Газпромдун" мектебин мисал келтирсек болобу?
— Менимче, андай курулбайт. Анын курулушунда чыгымы кыйла көп механизмдер колдонулуп, эки бассейн жана башкалар камтылган. Менин баамымда Кыргызстанга бүгүн билим берүүнүн жогорку деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берген, бирок эбегейсиз чыгымды талап кылбаган мектептер керек.
— Аймактарда курула турган мектептердин өзгөчөлүгү эмнеде?
— Кыйла эле ири мекемелер болмокчу, мында окуучуларды тандоо маселеси жаралат. Ал мектептерге кирүүгө сынак катаал болчудай туюлат, бирок, менимче, ачык жана калыс принципте жүргүзүлүшү кажет. Кандай болсо да билим берүү акысыз. Долбоорду каржылоо жана колдоо маселеси азырынча талкуу баскычында.
— Курула турган мектептерди жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүү каралганбы?
— Россия өкмөтү тарабынан кандай каражат бөлүнөрүнө, мектептердин техникалык жабдылышы кандай болоруна, жергиликтүү бийлик аларды тийиштүү абалда кармай алабы, буга кошумча каржылоо керекпи? Баары ушул жагдайларга жараша болот. Сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эң башкысы – бул процессти узак жылдарга создуктурбай, жакынкы келечекте аягына чыгаруу.

Гуманитардык көмөк боюнча кеп

— ПРООНдун долбоорлору аркылуу гуманитардык жардам көрсөткөнүңүздөр да белгилүү. Жакында, маселен, 4 миң тонна азык-түлүктү мектептерге жибердиңиздер.
— Долбоор мектептердеги азыктанууга гана тиешелүү эмес. Бул программа эки жылдан бери ишке ашырылып келет. Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы алкагында 9 миллион доллар бөлгөн. Эки багытта ишке ашырылат. Биринчиси — мектеп окуучуларын ысык тамак берүүгө жардамды улантуу, экинчиси — жергиликтүү администрация аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк түрүндө гуманитардык көмөк көрсөтүү. Бул Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө жүргүзүлөт.
Жардам алчуларга белгилүү бир коомдук иштерди аткаруу сунушталат, акысына, мисалы, кайсы бир убакка чейин эптештирип туруу үчүн бир кап ун берилет. Кай бирөө жумушсуз, кимдир бирөө ооруп, толук кандуу иштей албайт, ошондуктан ушундай жардам чындап эле миңдеген үй-бүлөлөргө оор убакта күн кечирүүгө көмөкчү болот. 
Элчи Николай Удовиченко: менин баамымда, Кыргызстанга бүгүн билим берүүнүн жогорку деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берген, бирок эбегейсиз чыгымды талап кылбаган мектептер керек
— Сиз ушундай жардамды тапшырууга катышып жүргөнүңүздөн кабарым бар. Өлкөбүздүн аймактарына да каттап жүрсөңүз керек. Бул үй-бүлөлөр азыр кандай абалда?
— Мектептерди кыдыруу, ысык тамак берүү тутуму кандай уюштурулганы, жергиликтүү тургундардын ыраазычылыгын чагылдырган берүүнү көргөм. Жашоочулар сугат иштерине кол кабыш кылып, буудай жана өсүмдүк майын алышыптыр.
— Андай терең ыраазычылыкты көрүп турганда адам катары эмнени сезесиз?
— Аны аткарылган вазийпа катары гана көрүүгө тырышам. Өзүмө көп кабыл ала бербейм, кесиптештеримди да: "Жакшы иштерди жасагыла. Чоң ыраазычылык күтпөгүлө, буга иштин бир бөлүгү катары гана карагыла" деп чакырам.

Мамиленин бекемделиши жөнүндө кеп

— Россиянын илимий күчү талашсыз. Кыргызстан менен Россия кандай илимий изилдөөлөрдү биргеликте өткөрө алат деп ойлойсуз?
— Эгер акыркы жетишкендиктерибизден баян этсек, коронавируска каршы үч вакцинабызды атасак болот. Негизги изилдөөлөрдүн маанисин түшүнүүгө кайтуубуз кажет, бул багытта айрыкча Илимдер академиясы жаатындагы иштелмелерибиз бар. Экинчи багыт — эң орчундуу көйгөйлөргө, атап айтканда, экология, сууну пайдалануу, жаратылышты коргоо ишмердигине тиешелүү прикладдык изилдөөлөр.
Россиядан сатып алчу "Спутник V" вакцинасы канча кишиге жетери айтылды
Жакында эле РФ Кыргыз илимдер академиясына сууну пайдалануу боюнча Кыргызстан үчүн гана тургай, бүтүндөй чөлкөм үчүн маанисин эске алуу менен талкуу өткөрүү сунушу менен кайрылган. Бизде ЕАЭБ алкагында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жетишүү үчүн илимий күчтөрдү бириктирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мында суу тартыштыгы жана бүтүндөй чөлкөмгө тоскоолдуктарды жараткан бөлөк көйгөйлөрдүн алдын алууга өбөлгө болчу үлгүлөрдү иштеп чыгууга болот.
— Плотина, ГЭС курууну айтып жатасызбы?
— Менимче, кайсы бир баскычта бул тема да кабыргасынан коюлат, анткени чындап эле табиятка аяр мамиле кылуу абзел. Кандай гана ГЭС куруу болбосун айлана-чөйрөгө, анын ичинде сейсмогеологиялык жана аба массаларын жөнгө салуу жагынан таасир этпей койбойт. Азыр, мисалы, шамалдын багыттары өзгөрүп жатканын айтышууда. Балким, архитектуралык саясат жана суу мейкиндигинин кичирейиши мунун бир көрүнүшү чыгаар. Ошондуктан бир нерсени колго алуудан оболу кандай майнап чыгарына терең акыл калчоо зарыл. Совет убагында түндүк сууларды түштүккө которуу глобалдык демилгеси эсиңиздердеби?
"Дайраларды артка бурабыз" дешкен ал кезде. Мага ошол кырдаал үрөй учурчудай туюлган. Кудай жалгап кайсы бир этабында бул ой өзүнөн өзү унутулган. Анткен менен климатка, белгилүү бир облустагы абалга таасир эте турган жергиликтүү көйгөйлөр да бар. Шарттуу түрдө айтканда Бишкектин тургундары Нарын облусундагы көрүнүштөргө анчалык баш оорутушпайт. Бирок өлкө, чөлкөм, айыл чарбасын, гидроэнергетиканы өнүктүрүү үчүн жалпы алып караганда бул чоң мааниге ээ. Ошондуктан баарын жалпы карап изилдеп көрүп, анан гана ишке ашырууга киришүүнү эп көрөм. 
Элчи: башынан эле чөлкөмдө да, анын ичинде Кыргызстанда да биздин саясат кыйла активдүү. Кыргызстан менен айрыкча жылуу мамилебиз бар. Жардамга кол сунуу менен интеграциялык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө умтулабыз
— Демек, пландалган долбоорлордун саны жетишерликпи?
— Бир топ иштелмелер бар, башкысы кай багытка карай жылууну аныктоо. Албетте, алардын өзүн актай алар-албасы да эске алынбай койбойт.
— Россия Кыргызстан менен кызматташуусун кеңейтүүгө киришти дешке болобу?
— Башынан эле чөлкөмдө да, анын ичинде Кыргызстанда да биздин саясат кыйла активдүү. Кыргызстан менен айрыкча жылуу мамилебиз бар. Жардамга кол сунуу менен интеграциялык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө умтулабыз. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу дал ушуга байланыштуу. Бүгүнкү күндө майнап жок, жылыш жок дегендер болууда... Мен муну бир эле нерсеге – адамдардын баарына дароо азыр ээ болуу каалоосуна гана байланыштырар элем. Азыр товарларды маркировкалоо тутумун киргизүү башталууда. Лабораторияларды жабдуу иштери дээрлик аяктап калды. Булардын баары – транзит режимин жеңилдетүү, товарлардын сапатын камсыз кылуу жана башка кадамдар.
Россиянын жардамы менен Кыргызстандын салык системасы заманга бапташтырылууда. Себеби бул жакта эле эмес, ЕАЭБдин бөлөк өлкөлөрүндө, Россиянын өзүндө да экономика ачык болууга тийиш. Ошондуктан көйгөйлөрүбүз бир, андан улам бирдиктүү маанай менен аларды биргеликте чечүү керек.

Нигерия менен Кыргызстанда элчи болууну салыштыруу

— Сиз Нигерияда элчи болгонсуз, эки жылдан бери Кыргызстанда иштеп жатасыз. Кай жакта иш сизге жооптуураак?
Казакбаев Лавров менен жолугуп, аба каттам, вакцина тууралуу сүйлөштү
— Россиялык кызыкчылыктардан алып караганда, албетте, Кыргызстан маанилүүрөөк. Бул биздин жакынкы союздашыбыз, биздин бардык интеграциялык процесстерибиздин катышуучусу. Нигерия — африкалык континенттеги эбегейсиз кең, өтө таасирдүү өлкө. Ал жакта 190 миллион калк жашап, мамлекет табигый ресурстарга бай. Африка өлкөлөрү менен алакаларыбызды бир топ өнүктүрүп келебиз. Бирок Кыргызстан, Казакстан, калган башка коңшуларыбыз — биздин артыкчылыгыбыз экени шексиз. Бул делегациялык кызматташтык, пландарыбыздын көлөмү, кызматташуу программаларыбыз, гастроль, гуманитардык байланыштар, россиялык жетекчилик тарабынан көңүл буруулардан байкалып турат. Ошондуктан мында иш жооптуу да, маанилүүрөөк да экени айкын. Нигериядагы беш жыл мен үчүн Кыргызстанга иштөөнүн алдындагы даярдык мектеп десем болор.

Эмдөө жөнүндө кеп

— Кыргызстанда россиялык вакцина темасына өтсөк. Мурда ал май-июнь айында алып келинери айтылган. Бул боюнча тагыраак маалыматыңыз барбы?
— Вакцина апрелде келет деп турам. Гранттык негизде акысыз берилмекчи. Азырынча кеп "Спутник V" вакцинасы тууралуубу, ушуну так айта албайм. Баары өндүрүш көлөмүнө жараша. Россия жана биздин союздаштарыбыздын керектөөлөрүн канааттандырууга көлөм жетпей турат. Бирок вакцина баскыч-баскычы менен алып келинмекчи.
— Өзүңүз эмделдиңизби?
— Азырынча жок, чынында эч кимди деле үгүттөй элекмин.
— Бул илдетке кабылган жоксузбу?
— Ооруган жокмун, бирок алдын алуу чараларын көрүп келем. Эгер кимдир бирөө эмдетүүнү туура көрсө, эмдетүү керек. Муну кабылдагысы келбегендер да бар, бул — ар кимдин өз иши. 
Элчи: Кыргызстанга вакцина апрелде келет деп турам. Гранттык негизде акысыз берилет

Эриш-аркак жылы жөнүндө кеп

— Быйылкы жылды жыйынтыктоо аземинде россиялык саясатчы жана жылдыздардан кимдерди көрүүгө болот?
— Жеке өзүм балким пландардан көп кеп кылыштын кажети жоктур деген бүтүмгө келдим. Эпидемиологиялык кырдаалга караш керек, ошондо гана бекем ишеним менен пландоого болот.
— Пандемиянын айынан эриш-аркак жылдын алкагындагы ири иш-чаралар жылдырылган. Быйыл кайсыларын сөзсүз түрдө өткөрүү керек?
— Эпидемиологиялык кырдаалдын турукташканына жараша, бизнести бири-бирине багыттай, региондор аралык, жаштар конференцияларын өткөрүү абзел.
Жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташууга кайтып, ректорлордун конференцияларын уюштуруу зарыл. Ар кыл багыттар арбын. Бирок, негизгиси, администрация башчыларын, өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусундагы бизнес иш-чаралары. Кыска мезгил аралыгында экономиканы азыркы абалынан чыгарууга жол ачкан алгылыктуу кадамдарды иштеп чыгуу керек. Экономикага жана жандуу гуманитардык байланыштарды калыптандырууга басым жасоого тийишпиз.

Элчиликтин иши жана авиабилет баалары

— Эки жыл ичинде сиз үчүн эң көрүнүктүү эмне болду?
— Жаңыдан келгенимде Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып чыгам деп максат койгом. Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарына болгон сапарларымды айрыкча белгилегим келет. Нарынга али жете элекмин, бирок бир барып келүүнү пландагам.
Бул жакта алгач ирет тоо лыжасын тептим. Бир дагы жыгылбаганыма да сыймыктанам. Ат минген абдан жагат. Андыктан жалаң жагымдуу таасир алдым.
2020-жылы ыктыярчылар өз күчүн көрсөттү. КРдеги россиялык мекендештер тууралуу
Адамдар менен баарлашканда реалдуулукту түшүнүү жакшырат, бул дайым таасирлерге байытып, өсүүгө, дүйнөнү, саясий иштин чындыгын терең таанууга мүмкүндүк берет.
Биздин мамилени өнүктүрүүгө өбөлгө болчу аракеттерди жасоону, ушул максатта мамлекеттик түзүмдөр, саясий ишмерлер менен иштешүүнү, жарандар менен баарлашууну уланта берүүгө даярмын.
Элчиликтин ишине, өзгөчө консулдук бөлүмдүн тейлөө сапатын жогорулатууга, Ош шаарындагы генералдык консулдуктун ишине көп көңүл бурууга туура келди. Кантсе да булар – көп жарандарга тиешелүү болгон маанилүү маселелер.
Пандемия күч алып турган убакта – Кыргызстандын миңдеген жарандары Россиядан кайтууга камынган маалда абдан кыйын болду. Азыр кайра көпчүлүк Россияга кетүүгө тырышууда.
Кыргызстанда биз элди ташып келүү боюнча эң масштабдуу программаны аткардык. Коңшу өлкөлөрдө да, дүйнөдө да Кыргызстандан Россияга же, тескерисинче, ал жактан республикага аба каттамдары каттагандай мынчалык көп рейстер аткарылган жок.
Азыр бизде дайымкы каттамдар азыраак, бирок дарыланууга аттанса болот, студенттер да эч кандай көйгөйсүз учуп кете алышат. Москвага гана тургай, россиялык аймактарга да бир нече чартердик каттамдар бар. Жакында аларды дайымкы разрядга өткөрүү чечими кабыл алынат деп үмүт кылам, бул мындан ары билет баасынын арзандашына алып келет. Балким алар 2019-жылдагы деңгээлге түшпөсө да азыркыдан арзандап калар. Анткени учурдагы билеттин кымбаттыгы элди катуу түйшөлтүп турат. 
Николай Удовиченко: жаңыдан келгенимде Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып чыгам деп максат койгом. Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарына болгон сапарларымды айрыкча белгилегим келет. Нарынга али жете элекмин, бирок бир барып келүүнү пландагам
— Демек, каттамдардын көбөйүшүн, авиабилеттердин баасы төмөндөшүн күтүүгө болобу?
— Баанын түшүшүнө кепилдик бере албайм, тек гана каттамдар көбөйүшү билет баасын арзандатар деген гана ойдомун.
— Кыргызстандыктар ушул тапта Россияга дейре автомобиль менен бара алышабы?
— Тилекке каршы, Казакстандын аймагы аркылуу эркин транзит жок. Темир жол каттамдары али калыптандырыла элек. Аны жандандыруу өтүнүчү айтылып, маселе каралууда. Бирок азырынча так чечим жок. Бүгүнкү күндө эң оптималдуу, балким, азырынча жападан жалгыз жол — бул аба каттамы.
— Калкты эмдөө пандемиянын аякташына жакындатабы?
— Врачтардын айтымында, ооба.

Газификация тууралуу кеп

— Бул кыш Бишкектин булганч абасынын эң чоң көрсөткүчү болду. Азыр "Газпром" менен Бишкек ТЭЦин газга туташтыруу, үйүн газ менен жылыткан калк үчүн анын акысын азайтуу жөнүндө компания менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул туурасында кандай маалыматыңыз бар?
— Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын гана айта алам. "Газпром" — мамлекеттик үлүшү бар жеке ишкана. Анын иши мамлекеттик таасирдин чегинен тыш. Ошондуктан кызматташуунун эл аралык параметрлери иштелип чыккан. Бул жакка россиялык газ түз келбейт, Өзбекстан, Казакстанда сатып алынып, алып келинет. Ошол себептен ушул учурду да эске алышат.
— Жеке өзүңүзгө бул кыштагы аба кандай сезилди?
— Терс таасир этти, албетте, ал түгүл таң калдым. Дем алыш күндөрү тоого чыгып, таза абадан жутуп келүүгө туура келип жатты. Жагдай таптакыр мүмкүн болбой калган, бирок бир нерсе деп айткандан алысмын, Бишкекте адистер, сынчылар жетишерлик. Кайсы жерде мүмкүнчүлүгүм болсо, сүйлөшүүгө аралашам. Макулдашууларды ишке ашыруу — бул тараптардын иши. Келишим, макулдашууларга кол коюудан мурун келечегине көз чаптырып, көздөрү жетсе, келишимге кол коюлса, анда бул макулдашууларды аткаруу абзел.
Эгер абал кескин түрдө өзгөрсө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, өнөктөштөрдү көндүрүү, компромисске келүү, тараптар андан ары ишти алып бара турган жаңы позицияны иштеп чыгууга туура келет. Ошондуктан мен конструктивдүү сүйлөшүү процессин жана милдеттенмелердин аткарылышын жактайм. 
Николай Удовиченко: бул жакта алгач ирет тоо лыжасын тептим. Бир дагы жыгылбаганыма да сыймыктанам. Ат минген абдан жагат. Андыктан жалаң жагымдуу таасир алдым

Жеке турмуштан кеп

— Элчи болуп дайындалгандан бери Кыргызстанда жактырган эс алуу жерлериңиз пайда болдубу? Иштен тышкары кайсы жактарга барып турасыз?
— Кол тийбеген табият, организмге кыймыл, күнүмдүк көрүнүштөрдөн алаксуу жагынан тоолор жакын.
Качандыр бир убакта реалдуулуктан, компьютер, телефондон оолак болуп жайлоодо бир нече күн жүрүп келермин. Үй-бүлөм же досторум менен боз үйдө жашап, ат минип... Андай шарт качан болорун билбейм. Азырынча кыялданып турайын. Менимче, мындайга убакыт табуу баарына пайдалуу. Айрыкча бүгүн – баарыбызды онлайн-баарлашууга күчтөп байлап койгондой маалда жаратылышка чыгуу мүмкүнүлүгү өзгөчө чоң мааниге ээ.