БИШКЕК, 10-апр. – Sputnik. Ош облусунун Алай районунун Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында кар көчкү алдында калган 14 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Эске салсак, 2-апрель күнү Э.Б. мал карап жүрүп жоголуп кеткени кабарланып, издөө иштери башталган.
"Баланын сөөгү бүгүн, 10-апрелде, эртең мененки саат 09:20да кар көчкү алдынан табылды", — деп айтылат маалыматта.
Өспүрүмдүн сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.