Кыргызстанга келген эл аралык байкоочулар миссиясы ишке киришти

Жалпысынан Кыргызстанда жана чет жактагы шайлоо тилкелеринде КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан 54 байкоочу иштемекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан эл аралык байкоочулар ишке киришти. Бул тууралуу аталган ассамблеянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун чакыруусу менен эл аралык байкоочулар 11-апрелдеги КР Конституциянын долбоору боюнча өтө турган референдумга мониторинг кылат.
Байкоочулар башкы прокурордун орун басары Абай Молдокматов менен алгачкы жолугушууну өткөрдү. Бүгүн ошондой эле алар тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен кезигет.
Эскертүү! БШК үгүт иштерине аралашкан үй башчылары жазага тартыларын айтты
Эртең миссиянын өкүлдөрү ЖК төрагасы Талант Мамытов, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана биринчи вице-премьер Артем Новиков менен жолугат. Байкоочулар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине дагы барышмакчы.
Жалпысынан Кыргызстанда жана чет жактагы шайлоо тилкелеринде КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан (ПАА) келген 54 байкоочу иштейт. Мониторинг тобун Тажикстандын Оли Мажилисинин Милли мажилисинин Конституциялык негиздер, мыйзамдуулук, укуктар жана адамдын, жарандын эркиндиги комитетинин төрагасы, КМШнын ПААсынын укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Дилшод Рахмон жетектейт.
КМШ ПААнын байкоочулар тобу 1994-жылдан бери Шериктеш өлкөлөрдөгү шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүп турушат.