"Кыргыз темир жолу" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Адранов "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы эмгек жолун 2010-жылы баштаган. Жетекчи болгонго чейин  Жүктөө-түшүрүү иштерин камсыздоо боюнча филиалдын жетекчиси болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп Адылбек Адранов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Жарлыкка өкмөт башчы 8-апрель күнү кол койгон.
Адранов "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы эмгек жолун 2010-жылы баштаган. Бул кызматка чейин аталган компаниянын  Жүктөө-түшүрүү иштерин камсыздоо боюнча филиалынын жетекчиси болгон. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Ал эми мекеменин буга чейинки жетекчиси Василий Дашков 31-март күнү ээлеген кызматынан бошотулган.