Бишкек: "Кудайберген" базарындагы мушташта киши көз жумду. Видео

Мушташкандардын бири көкүрөк тарапка бычак жеп каза тапкан. Тергөөнүн маалыматына караганда, издөө салынган киши маркум менен тууган болуп кетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. "Кудайберген" базарындагы уруштан эркек киши каза болуп, анын өлүмүнө шектүү адамга издөө жарыяланганын Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Окуя болгон жерден милиция  бычактын кынын тапкан. Андан сырткары, ошол жерге орнотулган видеокамерадан жазылып калган кылмыштын видеосун алган.
Милиция ошол күнү шектүүнү тактаган. Ал 32 жаштаны Н.А. аттуу жаран болуп чыккан. Тергөөнүн маалыматына караганда, издөө салынган кишинин маркумга туугандык жайы бар.  
"Биринчи күнү издөө жана иликтөө иштери жүрүп, шектүүнүн кайда турганы аныкталды. Анын жашаган жайы менен туугандарынын үйү тинтүүгө алынды. Криминалдык милиция жакын чөйрөсүн, байланыштарын тактады. Чек арага күзөт карточкалары коюлуп, ички иштер органынын аймактык бөлүмдөрүнө ал туурасында маалыматтар жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Милициядан аталган факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси ("Өлтүрүү") менен иликтөө иштери башталганын кошумчалашты.