100 жашка чыккан. Ханыша Елизаветанын жубайы Филипп II көз жумду

Ханзаада, Эдинбург герцогу бир ай дарылануудан кийин 16-мартта ооруканадан чыгып, Виндзор сепилине кайтып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Британия ханышасы Елизавета IIнин жубайы, ханзаада Филипп 100 жашында дүйнө салды. Бул туурасында Букингем сарайы Twitter баракчасына жарыялаганын РИА Новости жазды.
"Терең кайгыруу менен ханыша сүйүктүү жубайы ханзаада Филипп, Эдинбург герцогунун көз жумгандыгын жар салды", — деп айтылат маалыматта.
Анын Виндзор сепилинде 9-апрелде эртең менен каза болгону айтылды.
RT анын 16-мартта бир ай дарылануудан кийин ооруканадан чыгып, Виндзор сепилине кайтып келгенин жазды.
Филипп Маунтбеттен 1921-жылы Грециянын Керкира аймагында жарыкка келген. Ал ханыша менен 74 жыл бирге жашаган.