Ворух анклавы алмашылабы. Тажик президентинин пикири

Буга чейин Камчыбек Ташиев маалымат жыйыны учурунда Кыргызстан Тажикстанга Ворух анклавын Баткендин башка жерлерине алмашууну сунуштаганын билдирген. Коңшу өлкө бул сунушка азырынча жооп бере элек болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жумушчу сапары менен Исфара шаарынын Ворух анклавына келди. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Коңшу өлкөнүн президенти жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда аларга анклавдын келечеги жөнүндө айтып берген. Иш сапардын алкагында ал "Ширин" маданий-көңүл ачуу жана спорт комплексин ачкан. Ошондой эле бул күнү анклавда Тажикстандын 50 метрлик желеги көтөрүлгөн.
"Ворух анклавы эч качан алмашылбайт, ал Тажикстандын бир бөлүгү бойдон кала берет. Мен сиздерди кыргыз коңшуларыңыз менен достукта жашоого чакырам", — деген тажик президенти.
Рахмондун айтымында, Ворухтун жана бүтүндөй Исфара районунун жашоочулары үчүн Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери башкы маселелердин бири.
Ташиевдин кыргыз-өзбек чек арасындагы жерлердин өтүшү тууралуу айткан видеосу
"Тажикстандын бийлиги кыргыз тарап менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. 2002-жылдан бери эки өлкө чек ара маселелери боюнча 100дөн ашуун жолугушуу өткөрдү. 19 жылдан бери 520 чакырым чек ара тилкеси макулдашылып такталды. Бардык сүйлөшүүлөр учурунда Ворухту башка аймакка алмаштыруу маселеси болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес ", — деп баса белгиледи Рахмон.
Анын пикиринде, кошуналар менен мамиле өз ара урмат-сыйга, толеранттуулукка жана тараптардын улуттук кызыкчылыктарын урматтоого негизделиши керек.
Буга чейин Кыргызстандын УКМК жетекчиси жана чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегациянын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйыны учурунда Кыргызстан Тажикстанга Ворух анклавын Баткендин башка жерлерине (12 миң гектар) алмашууну сунуштаганын билдирген. Коңшу өлкө бул сунушка азырынча жооп бере элек болчу.